Новости‎ > ‎

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин орус филологиясы жана чет тилдер факультетинин мугалимдер жамааты тарабынан даярдалган

Отправлено 24 мар. 2017 г., 22:44 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 24 мар. 2017 г., 22:44 ]

                                                                                                                                                       
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин орус филологиясы жана чет тилдер факультетинин мугалимдер жамааты тарабынан даярдалган, 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагындагы Нооруз майрамына арналган маданий иш-чара болуп өттү.
     
                                                                                                                                                       

 Жаратылыш жанданып, айлана көрккө бөлөнүп, күжүрмөн эл жараткандан береке, ынтымак, токчулук сурап, элдин шайы ооп калган маалда жер жарылып көк чыккан, желин айрылып сүт чыккан жаратылыш менен кошо адам турмушу жанданган, Нооруз майрамын салтанаттуу түрдө ачып берүү үчүн окуу иштери боюнча проректор Д.Аканов жана Бириккен профсоюздар комитетинин төрагасы К.Алымбаев сөз сүйлөдү.
Иш-чара кыргыздын көөнөрбөс, асыл мурас дөөлөтү болгон Манас эпосунан үзүндү айтылып, жалгыз тээк, үч кыл комузда кол ойнотуп, тал чыбыктай ийилген, ак куулардай керилген кыздар кыргыз бий бийлешип, ыр ырдашып майрамдык маанай мыкты деңгээлде болгондугу сезилип жатты.
Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, берекенин, ынтымактын, биримдиктин, өсүп- өнүгүүнүн жылы болсун!!!