Новости‎ > ‎

ЫМУнун жатаканасындагы студенттер үчүн, педагогика жана психология кафедрасынын мугалимдери

Отправлено 24 мар. 2017 г., 22:31 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 24 мар. 2017 г., 22:34 ]
К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жатаканасындагы студенттер үчүн, педагогика жана психология кафедрасынын мугалимдери тарабынан даярдалган «Инклюзивдүү билим берүү багытында толеранттуулукту жана нравалуулукту тарбиялоо» деген темада тарбиялык саат өткөрүлдү. 
  
                                                                                                                                                       

Студенттерге инклюзивдүү билим берүү багытындагы негизги түшүнүктөрдү, бүгүнкү коомдогу болуп жаткан жагдайды, мындай өзгөчө билим алууга муктаж болгон балдарга кандай ыкма аркылуу билим берүү натыйжалуулугу тууралуу кеңири түшүнүк берилди. Буга чейин айрым студенттерге түшүнүксүз болгон бул термин,тарбиялык сааттын жүрүшүндө кеңири ой жүгүртүү аркылуу анализдеп, мындай жагдайда кандай иш аракет жасоо керек экендиги тууралуу туура багыт алууга жетишишти. Жыйынтыгында студенттерди топторго бөлүштүрүп, эмне себептен же кандай себептерден улам инклюзивдүү билим алууга муктаж болгон, башкача айтканда майып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын төрөлүшүнө эмне себеп болушу мүмкүн экендигин аныктап, айтып беришти. Негизи эле тарбиялык сааттын максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоо, аларга инклюзивдүү билим берүү менен бирге дени сак балдарга аралаштырып билим берүү болуп эсептелинет. 
                                                                                                                                                       
   

  
                                                                                                                                                       
Белгилей кетсек,1996-жылы «Билим» улуттук программасы бекитилип, анда билим берүүнү демократиялаштырууга, гумандаштырууга, дифференциялаштырууга, мектептердин базасын чындоого өзгөчө көңүл бурулган. Негизи эле билим берүү системасында өзгөрүүлөр, жаңы түшүнүктөр, таасирдүү түшүндүрмөлөр үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүлүп келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар, тилекке каршы ар бир коомдо болуп келген, азыр дагы арабызда жок эмес. Ошол себептен, аларга аяр мамиле жасоо аркылуу, билим берүүдө дагы көмөк көрсөтүү зарылчылыгы бар. Демек, мындай тарбиялык сааттардын өткөрүлүшү, келечектеги мугалимдер үчүн пайдасы эбегейсиз!