Новости‎ > ‎

тарых жана туризм факультетинин окутуучулар жааматы тарабынан семинар өткөрүлдү

Отправлено 22 дек. 2016 г., 20:23 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 24 янв. 2017 г., 3:58 ]
    
  
                                                                                                                                                      

        Президентибиздин жарлыгына ылайык «2016-жыл тарых жана маданият жылы»- деп белгиленгендиктен, ар кайсыл тармакта жигердүү иштер жасалып, анын ичинен жаңы изилдөөлөр, Кыргызстан тарыхынын жана маданиятынын чала изилденген жерлерин ачыкка чыгарып, аларга бирдиктүү көз карашты калыптандырууга аракеттерди жасоо,негизги милдеттердин бири эле.
Дал ушул жарлыктын негизинде жыл жыйынтыгын чыгарып, тарых жана туризм факультетинин окутуучулар жааматы тарабынан семинар өткөрүлдү.Белгилеп кетүүчү жагдай, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан атайын топ түзүлүп, бир ай бою Ысык- Көл жергесин кыдырып, облусубуздун тарыхый жайларынын, айыл шаарларынын, атактуу инсандарынын санжыра тарыхтарын тактап, эл оозунан тарыхый жана көркөм ооз эки чыгармаларды чогултуп, тарыхый эстеликтерди таап, алгылыктуу маалыматтарды топтоп келишкен.

  
                                                                                                                                                       

Алгач, семинардын катышуучуларына жеткиликтүү болуш үчүн изилдөөгө алынган обьектердин ушул күнгө чейинки тарыхынан кыскача маалыматтар берилип, докладдар окулду. Экспедицияны жетектөөгө алган тарых кафедрасынын ага окутуучусу, Мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Нурлан Тагайбаев изилдөө мезгилинде табылган тарыхый табылгаларды интерпретациялап, кененирээк токтолуп өттү. 
   
                                                                                                                                                       

Университеттин ректору Абдылдаев Курманбек Кыянович келээрки жылы дагы изилдөөнү улантып, мугалимдерден гана түзүлгөн топ болбостон, арасына кызыгуусу арткан студенттерди дагы кошуп алууну сунуштады. Өз сөзүндө мындай ишти ишке ашыруу жоопкерчиликти, изденүүнү, бир топ эмгекти талап кылат. Бирок, ошого карабастан бул көрсөткүчтөр башталышы гана болгондуктан, дагы жасала турган иштин арбын экендигин баса белгиледи.