Новости‎ > ‎

«Жаңы агым» адабий клубунун ачылышы болду.

Отправлено 18 апр. 2017 г., 3:19 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 18 апр. 2017 г., 3:20 ]
    

 К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, студенттик кеңештин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жаңы агым» адабий клубунун ачылышы болду.
  Адабий чөйрөгө кызыккан ар бир студентти бириктирип, эне тилибиздин өнүгүшүнө салым кошуп, лирика, аңгеме, поэма, ыр ж.б чыгармаларды жараткан жаш таланттардын чыгармачылык кечесин, университетибиздин ректору салтанаттуу түрдө ачып берди. Конок катары жана өздөрүнүн акыл насаатын айтуу үчүн «Ысык-Көл кабарлары» гезитинин башкы редактору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, А.Осмонов атындагы сыйлыктын ээси, акын, жазуучу Эгенбердиев Жапар, «Кыргыз Туусу» гезитинин Ысык-Көлдөгү өз кабарчысы, белгилүү журналист Жээнбай Түрк, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү Жунушалиев Турганбек агайлар катышып, студенттердин чыгармачылык кечесине күбө болуп, өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүп кайтышты. «Жаңы агым» адабий клубунун мүчөлөрү өздөрүнүн алгачкы ырларын окуп, келген коноктор жаш акындардын ыр жазуудагы жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу кеп козгоп өтүштү. Эске сала кетсек, клубдун мүчөлөрү тарабынан жазылган ырлар «Ысык- Көл» кабарлары, Бишкек шаарынан чыккан «Мугалимдер дүйнөсү» жана «Классташтар» гезиттерине жарыяланып турмакчы. 
 
   

«Жаңы агым» адабий клубунун максаты:

1.Адабиятка кызыккан чыгармачыл адамдарды (жаш курагына чек жок) бириктирүү жана колдоо көрсөтүп багыт берүү.

2.Эне тилибиздин өнүгүшүнө салым кошуп, (лирика, аңгеме, поэма)ж.б. адабий чыгармаларды жалпы журтка жайылтуу.

3.Адабий чөйрөдөгү чыгармачыл студенттердин жана окуучулардын жолугушуусун уюштуруп, чыгармачылык жаатындаийгиликке жетишкен адамдар менен тренингдерди өтөрүп турууга шарт түзүү.

4.Бир гана ЫМУнун студенттери менен чектелбестен, башка дагы жогорку жана орто окуу жайлардын чыгармачыл инсандары менен достук көпүрөсүн түзүп, биргеликте иш алып баруу болуп эсептелинет.

«Жаңы агым» адабий клубунун эмгек жолу байсалдуу болуп, чыгармачылык жактан ийгиликтер коштоп , жетишкендиктер мол болсун!