Новости‎ > ‎

«Ала-Тоо жазы-2017»

Отправлено 21 мая 2017 г., 19:45 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 21 мая 2017 г., 19:45 ]
 
Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлгөн Республикалык «Ала-Тоо жазы-2017» студенттик фестивалына К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети катышып, 3-орунду багындырып, диплом жана 60 000 сом акча каражаты менен сыйланды. 
 

Фестиваль 3 күнгө уланып, Бишкек шаарынан 15 жогорку окуу жай, региондордон 6 университет катышып, сынак журналистикалык, фольклордук, хореографиялык, театралдык, эстрадалык жана кол өнөрчүлүк жанрлары боюнча ишке ашырылды. 
   

Республиканын алдыңкы, мыкты университеттери менен тең тайлашып, күжүрмөн эмгек, тынымсыз аракет жумшаган , жан дүйнөсү чыгармачыл, таланттуу студенттерибиз менен сыймыктанабыз!
 

Бул фестиваль салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлө тургандыктан , эмдиги жылы мындан дагы жогорку даярдык, мыкты чеберчилик менен, кетирилген кемчиликтерди эске алып, жаңы идея, жаңы ойлор менен алдыга жылып, гран- прини багындырууга кадам жасайбыз!


Жеңишибиз кут болсун!!!