Новости‎ > ‎

Менин кесибим мугалим

Отправлено 16 мар. 2017 г., 7:00 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 16 мар. 2017 г., 7:01 ]

  
                                                                                                                                                      

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде , 16-март күнү «Менин кесибим мугалим» аттуу педагогикалык багыттагы 4-курстар аралык педагогикалык чеберчилик сынагы болуп өттү.
Студенттер арасындагы педагогикалык чеберчилик сынагы-келечектеги адистердин илимий изилдөөчүлүк мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүчү, педагогдук уюштуруучулук ишмердүүлүгүн, адистик даярдыгын, кесиптик компетенттүүлүгүнүн даражасын аныктай турган, келечектеги педагогдордун чыгармачылык таймашы.

                                                                                                                                                     

  

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча жүргүзүлдү.
1-номинация: «Менин педагогикалык кредом»
2-номинация: Үй тапшырма «Сабактан үзүндү»
3-номинация: «Педагогикалык практика боюнча эң мыкты отчеттуулук»
Атайын түзүлгөн калыстар тобу катышуучулардын ишмердүүлүгүн, берилген тапшырманын туура багытта аткарылышын ж.б. критерийлердин негизинде кылдат мамиле жасап, калыстык баасын берип, таразалап, тең салмактап отуруп, жалпысынан баардык командалардын аракети үчүн ыраазычылык билдирүү менен биргеликте ардак грамоталар тапшырылды. Ошентип жеңүүчү аныкталып 1-орун кыргыз филология, педагогика жана искусство факультетине жана математика факультетине, 2-орун орус филологиясы жана чет тилдер факультетине, ал эми 3-орун физика -техникалык факультетине ыйгарылды. Женуучулорду куттуктайбыз!