Новости‎ > ‎

Мамлекеттик тил күнүнө карата К.Тыныстанов

Отправлено 21 сент. 2017 г., 23:21 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 21 сент. 2017 г., 23:21 ]
  

  23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз филология, педагогика жана искусство факультетинин мугалимдери Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын борбордук аппаратынын өздүк курамына барып, Мамлекеттик тилдин учурдагы абалы, келечеги, ошондой эле өзгөчө маани берилип, карала турган көйгөйлүү маселелер жаатында кеп козголуп, «Манас» эпосу жана мамлекеттүүлүк тууралуу кеңири маалымат берилип, кызматкерлер менен суроо-жооп ирээтинде кызуу талкуу болду.

Эске сала кетсек, буга чейин дагы Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын өтүнүчү менен Мамлекеттик тил күнүнө арналып өткөрүлгөн иш-чарага биздин университеттин мугалимдери барып тийиштүү лекцияларын өтүп келишкен. 
 

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамына ылайык, мамлекеттик тилдин даражасын көтөрүү максатында , «Кыргыз Республикасынын мамлекттик тили жөнүндө» мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 3-беренесине, КРнын Президентинин №155 Жарлыгына, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жобосуна ылайык, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу, ошондой эле тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында тилчи, адабиятчылар, ошондой эле университеттин жалпы мугалимдер жамааты болгон аракетин жумшап, мамлекеттик ишкана, мекемелер менен активдүү түрдө жигердүү иш алып барып келет