Новости‎ > ‎

Мамлекеттик тил күнүнө карата

Отправлено 29 сент. 2017 г., 4:38 пользователем Эрлан Таалайбеков
  

 

 К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган факультеттер аралык кароо- сынак болуп өттү.
Сынак негизинен 3 баскычтан туруп, ар бир факультеттен бирден студент катышууга мүмкүнчүлүк берилген. Жобонун негизинде «Мамлекеттик тилдин учурдагы көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору» деген темада дилбаян жазылып, кыргыз тили боюнча 10 суроого тест түрүндө жооп берип, жыйынтыгында «Мен мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн төмөндөгүдөй кадам жасайм». Сөз менен эмес, жасаган кадам, кылган иш-аркет аркылуу сүрөт же видео ирээтинде көрсөтүп берүү маселеси коюлган. Мисалы: Каракол шаарындагы маршруткалардын ичине таасирдүү макал-лакап же афоризмдерди жазып чаптоо сыяктуу тапшырма жүктөлгөн.
 
  

 
  

Кароо-сынактын жүрүшүндө, катышуучулардын мыкты изденүүсү, чыгармачылыгы, аракети, ар биринин өзгөчөлөнгөн идеясы, кадамы аркылуу таймаш кызуу өтүп, толук түрдө калыстык менен бааланган жыйынтыкка жете алдык десек болот.
Ошентип, калыстар тобунун жыйынтыгы менен 1-орунду кыргыз филология, педагогика жана искусство факультетинин студенти Касмакунова Айзада, 2-орунду ЫМУнун колледжинин студенти Жакшылыкова Айпери, ал эми 3-орунду математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Абылкасымова Айсулуу багындырды. Жеңүүчүлөр ардак грамота жана эң кымбат белек болгон китептер менен сыйланышты.
   

Сынактын негизги максаты, мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары, мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууну камсыз кылган натыйжалуу тил саясатын куруу болуп саналат.
  

Comments