Новости‎ > ‎

К. Тыныстановдун 115 жылдыгына жанаК.Карасевдин 115 жылдыгына карата

Отправлено 16 дек. 2016 г., 21:49 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 22 дек. 2016 г., 20:15 ]
 
                                                                                                                                                       
2016-жылдын 15-декабрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде көрүнүктүү ишмер, тилчи- окумуштуу, акын, журналист К. Тыныстановдун 115 жылдыгына жана кыргыз совет тилчиси, улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог К.Карасевдин 115 жылдыгына карата "Тарых жана маданият" жылында «Илим жана билим берүүнүн инновациялык өнүгүүсүнүн учурдагы көйгөйлөрү жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү.
  
                                                                                                                                                       

Бул конференция тарыхый жана маданий ресурстарды пайдалануу менен өнүктүрүүнүн шарттарын, руханий маданий мурастарды анын ичинде К.Тыныстанов менен К.Карасаевдин илимий, адабий мурастарын сактоо жана жайылтуу маселелерин илим менен билим берүү системасынын учурдагы көйгөйлөрү, абалы жана келечегинин маселелерин талдоого алуу максатын көздөдү. 
  
                                                                                                                                                       
Пленардык кенешмеде КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР коомдук телерадио корпорациясынын башкы директорунун орун басары, доцент Иманалиев Кайрат Олжобаевич, п.и.д., Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Каниметов Жангороз Каниметович, Кыргыз филологиясы, педагогика жана искусство факультетинин магистранты Ибрагим Түркхан кыргыз залкарлары-К.Тыныстанов жана К.Карасаев жөнүндө баяндамаларын жасашты.
Пленардык жана секциялык отурумдардын ишинин жыйынтыгынын негизинде конференциянын резолюциясы талкууланып, кабыл алынат.