Новости‎ > ‎

Корея мамлекетинин эл аралык кызматташуу агенттиги менен биргелешкен

Отправлено 29 апр. 2017 г., 3:20 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 29 апр. 2017 г., 3:20 ]
   

2017 жылдын 28 апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин айыл-чарба техникумунун базасында Корея мамлекетинин эл аралык кызматташуу агенттиги менен биргелешкен "ЫМУда айыл-чарба окутуу борборун түптөө" аттуу долбоорунун иш аракетинин негизинде түзүлгөн күнөсканаларды ачуу салтанаттуу аземи болуп өттү. 
    

Салтанаттуу аземге университеттин жана техникумдун окутуучулар жана студенттер жамаатынан сырткары, Ысык-Көл областтык, Түп райондук мамлекеттик администрациянын, Ак-Булун айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Кыргызстандагы KOICA, K&K Greenhouse уюмдарынын дирекциясы, жергиликтүү тургундар катышышты.
Күнөсканалар айыл чарба окутуу борбору катарында студенттер үчүн билим алууга багытталып, окутуучулар үчүн изилдөө өткөрүүгө база катары пайдаланышы мүмкүн.
Катышуучу уюмдардын өкүлдөрүнүн сөздөрүндө бул иш аракеттин айыл тургундары, жаштар үчүн маанисин баса белгилеп жатышты. 

 

Мындан ары айыл чарба окутуу борборунда помидор, бадыран тигилип, элет жерин экологиялык таза продуктулар менен камсыз кылуусу күтүлөт. Күнөсканадан түшкөн пайда айыл-чарба окутуу борборунун калыптанышына жумшалып туруктуу жетишкендиктерге багытталат.