К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Кол мамлекеттик университетинде  10-ноябрь  илим күнү белгиленди. Конференцияга  ЫМУНун ардактуу профессорлору, мугалимдер жааматы  жана студенттер катышты.

  

Алгач конференцияны ЫМУНун илимий иштер боюнча проректору техника илимдеринин доктору Зиялиев Кадырбек Жанузакович ачып, жалпы катышуучуларды илим күнү менен куттуктады. Ошондой эле ЫМУнун студенттерине  атайын уюшулган факультеттер аралык  олимпиадасында байгелүү орундарды багындырышкан студенттерге  жана аларды даярдаган  окутуучуларга   дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

  

 Сонунда атайын студенттер тарабынан даярдалган чаккан концерт откорулду.