Новости‎ > ‎

«Акыл таймаш»

Отправлено 5 мар. 2017 г., 23:12 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 5 мар. 2017 г., 23:12 ]
  

                                                                                                                                                       
К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин 3-корпусунун окуу залында кезектеги «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Президентибиздин жарлыгына ылайык 2017-жыл ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялангандыктан, буга утурлай «Кыргыз маданияты» деген теманын алкагында оюн жүргүзүлдү. Жалпысынан 12 команда оюнга катышып, финалда тарых жана туризм факультети менен филология факультети беттешип, жыйынтыгында тарых жана туризм факультети жеңишти багындырды. 3-орунга колледж, физика-техникалык факультети жана орус филологиясы татыктуу болду. Мыкты даярдык менен күчтүү командалар топтолгондуктан жеңүүчүнү аныктоо кыйынга турду. Оюн негизинен жогорку деңгээлде өтүп, студенттердин кызыгуусу артты. “Билимдүүгө дүйнө жарык” – демекчи, билим гана адамды эркин жана бийик кылат. Анын сыңаарындай “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюну изденүүгө, ар тараптан өнүктүрүүгө, акылыңарга акыл кошуп, билимиңерди тереңдетүүгө көмөктөшөт. Баардык каалоочуларды ар жуманын бейшемби күнү саат 14:00до күтөбүз!