Новости‎ > ‎

2017-жылдын 21-сентябры Эл аралык тынчтык күнүнө карата

Отправлено 21 сент. 2017 г., 23:27 пользователем Эрлан Таалайбеков   [ обновлено 21 сент. 2017 г., 23:27 ]
  

2017-жылдын 21-сентябры Эл аралык тынчтык күнүнө карата, Каракол шаарында жайгашкан бардык билим берүү уюмдарынын студенттери, окуучулары, мугалимдер жамааты жана коомчулуктун катышуусунда бүткүл Республикалык «Тынчтык көгүчкөнү» аттуу акция болуп өттү.
  

Кагаз көгүчкөндөргө согуш учурунда, согуштан кийин каза болгон Улуу Ата Мекендик согуштун, оруктун ардагерлеринин ысымдары жазылып, кагаз көгүчкөндөрү шарларга байланып, саат 16.00 до массалык түрдө асманга учурулду.
Бул акцияга биздин университеттин студенттери дагы жигердүү катышып, 60 көгүчкөн асманга учурулду.