Не удалось найти URL спецификации гаджета

    «Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү: тарыхы жана маданияты» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү 2016-жылдын 4-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУда «Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү: тарыхы жана маданияты»,-деген темадагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталганган илимий-практикалык конференциянын башталышы К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун тарых жана маданият жылына арналган көргөзмөсүнөн башталып, саат он жарымда Кыргыз Республикасынын Гимнинин коштоосунда конференция ачылып, Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү жана тарыхый инсандар тууралуу видеофильм көргөзүлдү. Алгач К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Абдылдаев Курманбек Кыянович куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кыргыз Республикасынын президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин «Тарых жана маданият жылы» тууралуу жарлыгын колдоо менен кёл аймагында алгачкылардан болуп «Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү: тарыхы жана маданияты»,-деген темадагы илимий-прктикалык конференцияны К.Тыныстанов атындагы ЫМУда өткөрүлүп жатканын айтып, элибиздин тарыхы жана эгемендуу мамлекет болуу тилегинин эчендеген кыйынчылыктар менен ишке ашышы тууралуу баяндоо менен конференциянын катышуучуларынын иштерине ийгилик жалпы элге ынтымак жана өлкөбүзгө тынчтык каалады.