Кыргызстандагы ЖОЖдор аралык мобилдуулук

Кыргызстандагы ЖОЖдор аралык мобилдуулук



Мен Закирали кызы Аксана, Баткен мамлекеттик университетинин, Социалдык педагогикалык институтунда, педагогика факультетинин ТИ(ХК)-14 тайпасында 3-курста окучумун. Бугунку кундо болсо, академиялык мобилдуулук боюнча I семестрге Кысым Тыныстанов атындагы Ысык-Кол мамлекеттик университетине тажырыйба алмашканы келип окуп жаткан учурум.
                                                                                                                                                       
     
                                                                                                                                                      
Кыргызстандын ар бир облусу, ар бир ороону озуно жарашаозгочолукторго, коз жоосун алган кооздуктарга бай эмеспи?! Ошондой эле кыргыз жергесинин керемети саналган кереметтуу Ысык-Колубуз жайгашкан. Ысык-Кол облусунун борбор калаасы аталган Каракол шаарына келгендиги алгачкы сезимдерим менен болушо кетсем; Мага шаардын ыкчамдыгы, тазалыгы, ар турдуу улуттар жашаса да элинин ынтымактуулугу, кочолорундо жашыл бак-дарактардын коптугу, турдуу билим беруучу мекеме, борборлордун коптугу озуно тартты.
Ал эми эн негизги айта кетчу нерсе , билим беруусу. Колому жагынан Кыргызстанда алдынкы орунда турган, менин экинчи «алтын уяма» айланган , К.Тыныстанов атындагы ЫМУ.
Университеттин эн биринчи озуно тарткан жактары, имараттын занкыйып бийиктиги, кирген адамды сурго баскан сурдуулугу болду. Андан кийин , факультет, аудиториялардын архитектуралык жактан иреттуу жайгашкандыгы, тазалыктын жогорку денгээли, материалдык-базалык жактан талапка жооп бериши . Баарынын студенттер учун эн зарыл болгон китепкананын толук китептер менен камсыздалгандыгы, мындан тышкары азыркы заман талабына жооп берген компьютерлердин жетиштуу экендиги, дагы баса белгилей кетчу нерсе ар бир корпуста WI-FI ( акысыз интернет) менен камсыздалгандыгы .
Илимий даражалуу окутуучулардын, , студенттердин озун маданияттуу алып журушун да айта кетсем жанылыштык болбойт.
Айта берсе бул билим беруу ордосу жонундо чакан китеп жазса арзычудай эле туру бар экен. Созумдун аягында, шаар, университет мага ар тараптан жаккандыгын кошуп кетким келет. Жана да мага окшогон жаш студенттерди К. Тыныстанов атындагы Ысык-Кол мамлекеттик университетине келип, оздору каалаган кесиптин мыкты адиси болууга 
ынандыруу менен чакырып калам.
                                                                                                                                                       
                                                                                                                                                       

Comments