Академическое мобильность Аким к. А

   

Мен, Аким кызы Айлира Ош мамлекеттик университетинен ички мобилдүүлүк боюнча Ысык-Көл Мамлекеттик университетине келип , 1 семестр окуу планында окудум. 75 жыл тарыхы бар ЫМУда окуп ,өзүмө көп тажрыйбаларды топтой алдым.Анткени, мен Кыял Асаналиева, Келдибек Койлубаев ,Абдыкеримова Аида ,Даражан Исмаилова сыяктуу мыкты кандидат, профессор,доктор агай-эжекелеримдин лекция, практика сабактарына катыштым. 

Бул жакка келип ,жаӊы атмосферага туш болдум.Жаӊы досторду,тааныштарды таптым, алар менен пикирлешуу менен дуйнө таанымым дагы да жогорулады. Кыргыз элинин меймандостуу экендигине дагы бир жолу ынанып отурам.Себеби,биз үчүн келгенден кеткен күнгө чейин агай-эжекелерибиз , группалаш досторубуз жакшы мамиле жасап,к үн сайын сурап,мейманга чакырышып,ал турсун жатаканага чейин келишип: «кыйынчылыктар жокпу?», «эмне жетишпей атат?»-дешип,  жакшы маанай тартуулашты. Бир эле сабак окуу менен чектелбестен, Ысык-Көлдүн кооз жерлерине атап айтсам: «Жети-ϴгүз», «Жарылган жүрөк», «Ак-Суу» курортуна ж-а о.э. «Горнолыжный базага», «Панаромага», Көлдүн жээктерине ж.б. жерлерге агай-эжекелерибиз, досторубуз менен биргеликте экскурцияларды уюштурдук. Мыкты эсте калаарлык кундөрдөн болду десем жаӊылышпайм. Чыгармачыл досторду таап, алар менен бир туугандай мамиледе болгонума чексиз кубанам. Айтайын дегеним «Жаӊы агым»адабий клубуна мучө болуп , ар жума сайын адабият жаатында сабактарды өтүп турдук. Мен Кыргызстандын кайсы бурчунда болбоюн алар менен дайым тыгыз байланышта болом. 
     

Бул жакта жүрүп, Ош жергесиндеги каада-салт менен Көл жериндеги салттарды салыштырып, айырмачылыктарын жана өзгөчөлуктөрүн байкай алдым. Ошондой эле тилчи болгонум үчүн диалектилик сөздөргө басым жасап, бир аз да болсо айырмачылыктарын биле алдым. Ошондой эле бул жактан чыккан улуу инсандардын өмүрү, чыгармачылыгы менен б.а.Х.Карасаев, К.Тыныстанов , Ж.Абдырахманов, Көлдүн жети акесин ж.б.мурда атын угуп же болбосо бирден чыгармасын гана окуп койгон болсок, азыр улуу инсандар тууралуу жакындан тааныш болуп калдым .

Жыйынтыктап айтканда ушул декларацияга кол койгон агай-эжекелериме тереӊ ыраазычылыгымды билдирем! ЫМУда окуп жүргөн күндөрүм түбөлүккө эске сакталат. Мага университет абдан жакты, мыкты мугалимдер эмгектенишет экен.

  

Comments